ТалМУнун эки студенти президенттик стипендияга татыктуу болушту

Жаңы жылдын алдында, 27-декабрда ТалМУнун эки студенти президенттик стипендияга татыктуу болушту. Бүгүн ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов президенттик стипендияттар – “математика” адистигинин 4-курсунун студенти Мадияр Токтобеков менен “англис тили” адистигинин 4-курсунун студенти Айдана Калтаеваны өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алып, аларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Ректор өз сөзүндө университет ушундай мыкты студенттери менен дайыма сыймыктана турганын жана сыйлык ээлери келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымдарын кошо алышарына терең ишеним артарын баса белгиледи. Окуу жайдын символикалары чагылдырылган белектерди тапшырып, окууларына ийгиликтерди каалады.