ТалМУнун алдындагы КОБББда окууну аяктаган студенттер үчүн онлайн режимде бүтүрүү кечеси болуп өттү

ТалМУнун алдындагы КОБББда окууну аяктаган студенттер үчүн онлайн режимде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Алгач, кечени окуу жайдын директору, педагогика илимдеринин доктору А. Ж. Ажибаева ачып, студенттердин арасында окуу процессинде, маданий жана илимий жактан жетишкендиктерди көрсөткөн, ошондой эле активдүү студенттерге Ардак грамота, сертификаттар менен сыйлап, аларга каалоо-тилек айтып, келечектеринде мыкты адис боло алаарына ишеним артып, ак жол каалады. Ошондой эле тарбия иштери боюнча директордун орун басары А. Алымбеков, секция башчылары А. Аязбекова, Г. Кудабаева, Л. Сатаева, Ж. Ташматова, К. Наржигитова өз ойлорун айтышып, студенттердин келечектериндеги ийгиликтерди каалашып өтүштү. Кеченин соңунда бүтүрүүчүлөргө арналган бий, көркөм окуу жана обондуу ырлар жаңырды.
Ак жол силерге бүтүүчүлөр!