ТалМУда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди онлайн тандоо жана кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

ТалМУда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди онлайн тандоо жана кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Гранттык комиссиянын кароосу менен адистиктер боюнча гранттык орундарга 34 абитуриент, контракттык орундарга 33 абитуриент тандалып кабыл алынды. Бул орундарга кабыл алынган абитуриенттер 25-июлга чейин тандаган адистиги боюнча окуй турганын онлайн тастыктоосу зарыл. Эскерте кетсек, бош орундарга тандоонун 2-туруна талондорду онлайн кабыл алуу 27-июлдан 29-июлга чейин жүргүзүлөт.