ТалМУда Билим күнү онлайн форматта салтанаттуу өткөрүлдү

ТалМУда Билим күнү онлайн форматта салтанаттуу өткөрүлдү. Алгач университеттин ректору А.Ш.Упенов окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы менен студенттерин Билим күнү менен куттуктап, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган ыр сынагында 1-орунду жеңип алган ТалМУнун студенти И.Токтогуловго сыйлыктарды тапшырды. Андан кийин университеттин көркөм-маданий борбору тарабынан даярдалган концерттик программа онлайн тартууланды.