ТалМУ боюнча жарыяланган ‘Инновациялык аралыктан билим берүү технологиялары” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, атайын сыйлыктарга ээ болушту

ТалМУ боюнча жарыяланган ‘Инновациялык аралыктан билим берүү технологиялары” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, атайын сыйлыктарга ээ болушту. Сынакка ТалМУнун окутуучуларынын кыркка жакын видео, аудио сабактары коюлуп, 1-орунга п.и.к., доцент К.А.Стамалиеванын, 2-орунга т.и.к., доцент М.М.Жусупованын. окутуучу Н.Казыбаеванын, 3-орунга п.и.к., доцент Ч.Т.Раеванын даярдаган инновациялык сабактары ээ болуп, ээлери ТалМУнун ардак грамоталарына жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле, мыкты видеосабактары үчүн п.и.к., доцент М.М.Шайланова, ф.и.к., доцент Т.К.Айталиева, ага окутуучу У.Дуйшеналиева ТалМУнун грамоталары менен сыйланышса, калган катышуучуларга дипломдор ыйгарылды. Видеосабактарды тартып-монтаждоого зор салым кошкон IT-адис Т.Сатыбаевге 2000 сом акчалай сыйлык тапшырылды. Белгилей кетсек, бул сынак ТалМУдагы аралыктан билим берүүнүн инновациялык технологияларын өнүктүрүү, аралыктан ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу, дистанттык билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында уюштурулган.