Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына шайлоо болуп өттү

Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгы менен профессор А.Ш.Упенов 120 добушка ээ болуп Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына шайланса, экинчи талапкер, доцент К.А.Стамалиева шайлоочулардын 7 добушуна ээ болду. Эсептөө комиссиясынын чечими менен 6 шайлоо бюллетени “жараксыз” деп табылды. Шайлоо учурунда бардык санитардык талаптар сакталып, тиешелүү шаардык жана облустук медициналык кызматтардын өкүлдөрү тарабынан шайлоо процессинин жүрүшү тыкыр көзөмөлгө алынды. Эскерте кетсек, университет боюнча жалпы 143 шайлоочу катталып, 133 шайлоочу добуш берүүгө катышты.