Табият таануу жана педагогика факультети

Табият таануу жана педагогика факультети ТалМУнун алдында 2006-жылдын

1-сентябрындагы №68/6 буйругунун негизинде түзүлгөн.

 

Факультеттин деканы

Мырзабекова Укен Жаныбердиевна б.и.к. , доцент

Билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү

Табият таануу жана педагогика факультетинде  төмөнкү адистиктер боюнча кафедралар иш жүргүзөт:

  • Табият таануу кафедрасы

шифр: 550100

биология адистиги                                                               география адистиги

химия адистиги

экология адистиги:  шифр:511101

айыл чарба багытындагы адистиги

саламаттык сактоодо программист

  • Педагогика кафедрасы:

Педагогика адистиги  шифр:550700

  • Математика, физика жана информатика кафедрасы: шифр:550200

Математика адистиги

Информатика адистиги

Физика адистиги

Колдонмо математика жана информатика шифр:510200

Профессордук – окутуучулар курамы

Факультетте жогорку квалификациялуу илимий – педагогикалык кадрлар  эмгектенишет: 2 илимдин доктору, 14 илимдин кандидаттары, доценттер.  Андан тышкары аспирант-изденүүчүлөр жана магистранттар  жалпы профессордук-окутуучулар курамынын 40 % түзүшөт.

Табият таануу жана педагогика факультети  бүгүнкү  күндө тышкы  байланыштар бөлүмү аркылуу Сорос Фонду, ДААД, ТЕМПУС, Эрасмус +, ЛОГО, НАБУ, ГеТек ж.б.  эл аралык  уюмдар менен  кызматташтыкта иш алып барууда.

 Математика, физика жана информатика кафедрасы

Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнө физика-математика билим берүү багыты боюнча

Математика,

-Физика

-Информатика мугалими квалификациялары ыйгарылат.

-Колдонмо математика жана информатика.  Мындай адистиктерди аяктагандар ар кандай тармактарда иштөөгө жөндөмдүү жана төмөнкү кесиптик ишмердүүлүккө даяр болушат: педагогика, илимий-методикалык, экономикалык, социалдык-педагогикалык, тарбиялык, маданий, социалдык-башкаруу .

Учурда биздин бүтүрүүчүлөр, область боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде, лицейлерде,  колледждерде, жогорку окуу жайларында, улуттук телерадиокомпаниясында жана компьютердик борборлордо,  НПОлордо, финансылык компанияларда, банктарда эмгектенишүүдө.

Математика, физика жана информатика адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү өз билимдерин  төмөнкү  багыттар боюнча аспирантура жана магистратурада уланта алышат:  математика, экономика, педагогика, психология, философия,

инженер жана техника илимдери.

Биоинженерия кафедрасы

 –экология

-агроэкономист

-саламаттыкты сактоодогу

информатика

профилинде  адистерди даярдоодо.

Саламаттыкты сактоодогу информатика

адистиги саламаттыкты сактоо тармагында ар кандай компьютерлештирилген аппараттарды иштетүүчү адисин  даярдайт. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөр айлана-чөйрө башкармалыгында, ӨКМде(өзгөчө кырдаалдар министрлиги), айыл өкмөттөрдө, суу чарбачылыгында, банктарда экономист, саламаттыкты сактоо тармагында компьютерлештирилген аппараттарды иштетүүчү болуп эмгектенишүүдө. Биздин кафедра LOGO, GE-TECH, PRAXX, Erasmus программалары менен келишим тузулуп , анын жыйынтыгында студенттер  Германияга практикаларга барып турушат. Мындан тышкары Erasmus Mundus жана DAAD программалынын негизинде студенттер стипендия алып, билимдерин Еропада улантууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мобилдүүлүк боюнча студенттер Кыргызстандын башка регионундагы жогорку окуу жайларында билим алып келишет.

Педагогика  кафедрасы

“Педагогика” багыты боюнча

  • педагогика жана аны окутуунун методикасы
  • мектепке чейинки педагогика
  • социалдык педагог

профилдеги адистерди  даярдап келет. Милдеттүү түрдө окутулуучу дисциплиналардан тышкары студенттер бир канча атайын психологиялык-педагогикалык жана жалпы билим берүүчү курстарды өз алдынча тандай алышат

Табият таануу кафедрасы

табигый илимдик билим берүү багыты боюнча  бүтүрүүчүлөрүнө  төмөнкү профилдер  боюнча

– биология

  – география

   -химия мугалими  квалификациялары ыйгарылат. Биология, география жана химия квалификациясына ээ болгон адистер азыркы стандарт боюнча «кеңири профилдүү» каралып  билим берүү мекемелеринде жана төмөнкү тармактарда эмгек жолун уланта  алышат: педагогикалык, илимий-усулдук, социалдык-педагогикалык, социалдык, тарбиялык, маданий-өнүктүрүү, медициналык, СЭС (санэпидемстанция), мамлекеттик стандарт, жаратылышты коргоо, фитосанитария, башкаруу, ӨКМ (өзгөчө кырдаалдар министрлиги), туризм тармактарында жана санэпидемстанцияда, сүт комбинаттарында, дарыканаларда, медициналык лабораторияларда, кен чыккан жерлерде лабораториялык анализдерди жүргүзүп эмгектенише алышат.

Биздин факультетке кош келиңиздер!

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 20-июнунан башталат. Университетке кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.

ТалМУга тапшыруу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:

  • Абитуриенттин ректордун наамына жазган арызы;
  • Орто билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтер (аттестат, диплом);
  • Паспорт же башка документтердин копиясы (күбөлүк, ID- карт ж.б.)
  • 3 4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.

Документтерди кабыл алуу дареги: Талас ш.,

К. Нуржанов көчөсү №25, аудитория 101.

Байланыш телефондору: 5-29-88, 5-39-29, 5-29-93

Раева Майрамкүл Тургунбековна: 0700 37-99-80

Казыбаева Мирзат Советбековна: 0705 95-17-77