Кыргыз-Өзбек университети менен Талас мамлекеттик университетинин биргелешкен кеңешмесинин чечимин ишке ашыруу жана жандандыруу максатында

24-апрелде,Ош декларациясынын алкагында өткөрүлгөн Кыргыз-Өзбек университети менен Талас мамлекеттик университетинин биргелешкен кеңешмесинин чечимин ишке ашыруу жана жандандыруу максатында кыргыз филологиясы кафедрасы менен кыргыз тили жана адабияты кафедраларынын биргелешкен окуу-усулдук онлайн отуруму болуп өттү.Отурумду КӨУнун тарых-филология факультетинин деканы,п.и.к.,доцент Н.Д.Тилекова алып барды.Биргелешкен отурумду ачып берүү үчүн КӨУнун окуу иштери боюнча проректору,п.и.к.,доцент Т.Э.Исаковго, ТалМУдан окуу жана илимий иштер боюнча проректор,ф.и.д.профессор С.С.Жумалиевге сөз берилди.Андан соң эки окуу жайдын онлайн отурум уюштуруп жаткан кафедраларынын кафедра башчылары Б.Т.Исмаилова,Т.К.Айталиевалар кафедралардын окуу,окуу-усулдук,илимий жана тарбиялык иштери боюнча кеңири маалымат беришти.Мазмунду баяндамалардан кийин окуу жайлардын ПОкурамы кафедра тарабынан өтүлүп жаткан “Манас таануу”,”Кыргыз тили жана адабияты” дисциплиналарынын ОМКлары,компетенцилары,мазмундары боюнча талкуу жүргүзүштү.Талкууга окутуучулар активдүү катышышып,өздөрүн кызыктырган суроолорун бири-бирине беришип,жооп алышты.Комплекстүү экзаменге кыргыз тили жана адабияты боюнча түзүлгөн тесттик тапшырмалар тууралуу жана кырдаалга байланыштуу мамлекеттик аттестациялык сынакты өткөрүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө ой бөлүшүштү.Келечекте конок лекцияларды уюштурууну,студенттердин мобилдүүлүгүн жолго коюуну ишке ашыруу тууралуу ойлор айтылды.Жыйынтыктоочу сөздү КӨУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору ф.и.к.,доцент С.Т.Сарыков жана ТалМУнун гуманитардык
факультетинин деканы т.и.к.доцент Ж.К.Абдиевалар сүйлөштү.Алар биргелешкен отурумдун катышуучуларынын бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери жана аны жоюунун жолдору тууралуу талкуусу келечекте ЖКББнын НББПсын жакшыртууга жардамы тиерин белгилешти.
Отурумду уюштуруунун демилгечилери, КӨУнун эл аралык иштер жана инвестиция бөлүмүнүн директору,фил.и.д.,профессор А.Т.Балтабаевага,тарых-филология факультетинин деканы,п.и.к.,доцент Н.Д.Тилековага,кыргыз филологиясы кафедрасынын кафедра башчысы ф.и.к.,доцент Б.Т.Исмаиловага ТалМУнун гуманитардык факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Жакынкы жылдарда биргелешип ЖКББнын НББПсынын максаттарын ишке ашырууда көп жакшы иштерди аткарабыз деген ишеничтебиз.
Жер шарын кыйын акыбалга туш кылган коронавирус илдетинен жабырка-
гандар тез сакайышып, бардыгыбыз чың ден соолукта болуп, узак өмүр сүрөлү.
Урматтуу агай-эжелер,өзүбүздүн ары кадырлуу,ары сыйлуу,ары түйшүктүү кесибибиз менен келечектин ээлери жаштарыбызга татыктуу билим,тарбия берели.