Илим күнү салтанаттуу белгиленди

Илим күнү салтанаттуу белгиленди. Ага Кыргызстандын окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын ректорлору, илимий институттардын директорлору катышты. Салтанаттуу жыйында КРнын Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиев, КР Өкмөтүнүн вице-премьер министри Э.Ж.Сурабалдиева, КР ИУАнын президенти М.Джуматаев, КР УАКтын төрайымы Б.Тыналиева куттуктоо сөздөрүн айтышып, оор кырдаалдарга карабастан кыргыз илимин сактап калган окумуштуулардын эмгегин баса белгилешти. Илимге салым кошкон окумуштууларга сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.