Бүгүн ТалМУнун К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейине Талас шаарынын тургуну Автан Бечелов тарабынан болжол менен 11-кылымдарга таандык кумура идишин тарыхый экспонат катары тапшырылды

Бүгүн ТалМУнун К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейине Талас шаарынын тургуну Автан Бечелов тарабынан болжол менен 11-кылымдарга таандык кумура идишин тарыхый экспонат катары тапшырылды. Мындай алгылыктуу саамалыкты университеттин тарыхчы-окумуштуулары, “тарых” адистигинин студенттери кубануу менен кабыл алышып, баалуу тарыхый табылга катары музейде сактала турганын убада кылышты. ТалМУнун мамлекеттик тил проректору С.С.Жумалиев окуу жайдын администрациясынын атынан терең ыраазычылык билдирип, мындай тарыхый табылгалар кыргыз элинин, анын ичинде Талас өрөөнүнүн тарыхын тактоого чоң салымын кошорун баса белгиледи. Экспонатты тарыхчы-окумуштуулар: Ж.К.Абдиева, А.К.Укуева жана Э.К.Куловалар карап чыгышып, табылганын датасын аныкташып, аты аталган музейге тарыхый экспонат катары кабыл алышты.