“Аралыктан билим берүүдөгү санариптик технологияларын өздөштүрүү”

ТалМУда Технология-экономикалык факультетинин Окуу методикалык кенешинин тарабынан уюштурулган онлайн режиминде “Аралыктан билим берүүдөгү санариптик технологияларын өздөштүрүү” аттуу темадагы вебинар Zoom платформасын колдонуу менен өтүлдү.

Вебинар азыркы өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу аралыктан билим берүүдөгү санариптик технологияларды колдонуу маселесине багытталган. Вебинар учурунда каралуучу негизги суроолор:

1.Аралыктан билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору

  1. Ispring Freecam экрандан видео жазуу программасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү.
  2. Google Classroom веб-сервиси жана аны колдонуу.

4.Multiurok билим берүү аянтчасы.

Азыркы учурда аралыктан билим берүүдө А.О.Курманалиева онлайн сабактарды өтүүдөгү негизги көйгөйлөргө токтолуп,синхрондук жана асинхрондук окутуу ыкмалары боюнча маалымат берди. Вебинардын жүрүшүндө катышуучуларга Ч.Т.Раева видеосабакты жазууда Ispring Freecam программасын колдонуу боюнча практика жүзүндө көрсөтмө берди. Ошондой эле Э.Ж.Мамадалиев лекция,практикалык иш,тесттерди түзүү жана ишке ашырууда, документтерди бири бири менен алмашууда жана электрондук жадыбалдарды түзүүдо Google Classroom веб сервисин сунуштап,колдонуу боюнча иш жүзүндө көрсөтмө берди.Вебинардын жүрүшүндө Multiurok билим берүү аянтчасы боюнча А.О.Курманалиева практика жүзүндө окутуучулар тестти түзүү жана файлдарды жүктөө боюнча маалымат берди.Вебинардын этеги суроо-жооп ирээтинде жыйынтыкталды.

Аталган вебинарга Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев, ТалМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Г.А.Бообекова,ТалМУнун АББТБнун директору А.К.Укуева, Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева,ТалМУнун КОБББнүн директору А.Ж.Ажыбаева жана ТалМУнун профессордук окутуучулар жамааты катышышты.