Технология-экономикалык факультети

     Технология-экономикалык факультеттин деканы п.и.к., доцент Курманалиева Айнура Озубековна

        Технология-экономикалык факультетинин негизделген мезгили 1996-жылга туура келет. Анткени 1996-жылы Талас облусунун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү максатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн Талас шаарында Кыргыз архитектуралык курулуш институнун филиалы (КАСИ) ачылган. Анын директору болуп доцент Бообеков Акан Бообекович дайындалган. Анын филиалынын имараты катары шаардык мэрия тарабынан К.Маркс көчөсүндөгү №40 даректе жайгашкан, таптакыр каралбай калган балдар бакчасынын имараты бөлүнүп берилген. Аталган имарат Бообеков Акан Бообековичтин жигердүү жетекчилиги менен толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 1996-жылдын 1 сентябрына карата пайдаланууга берилген жана 1996-1997-окуу жылы үчүн төмөнкү адистиктер ачылган:

  1. Жол кыймылын уюштуруу;
  2. Маалыматтык системалар жана технологиялар;
  3. Костюмду көркөм долборлоо;
  4. Эл аралык экономикалык байланыштар;
  5. Бухгалтердик эсеп жана аудит.

Азыркы учурда технология-экономикалык факультетинин  курамы төмөнкү кафедралардан турат:

1999-жылы КГУСТАнын филиалынын директору болуп А.И.Жылкичиев дайындалат. Кыргыз Республикасынын Президентинин №189 25.07.2000-жылындагы Указына жана Кыргыз Өкмөтүнүн №546 04.09.2000-жылындагы токтомуна жана ошол кездеги Билим берүү жана маданият министрлигинин №606/1 буйругуна ылайык Талас мамлекеттик университети болуп түзүлүп, анын карамагындагы КГУСТАнын филиалы техникалык факультет катары кайра түзүлөт. Аталган факультет 2003-жылы КГУСТАнын Таластагы окуу-өндүрүштүк борбору менен бириктирүү аркылуу технологиялык институт болуп кайрадан түзүлөт. 2003-2004 окуу жылынан баштап 2014 — 2015 окуу жылына чейин ТалМУнун технологиялык институттун т.и .к. доцент Тургунбаев М. С.  үзүрлүү жетектеп келген.  Ал эми 2015-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу жана ТалМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен технологиялык институт технология-экономикалык факультет болуп түзүлөт.

Азыркы күндө аталган факультет Талас облусундагы эл чарбасы тармактары үчүн экономика багытындагы, жол кыймылы жана транспорт, маалымат технологиясы жана энергетика тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу жайдын бирден-бир техникалык-экономикалык багыттагы түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Технология-экономикалык факультетте азыркы учурда 1 илимдин доктору, профессор, 12 илимдин кандидаты, доценттер жана 1 техника багытындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, 6 билим берүүнүн мыктысы болуп жалпы 34 окутуучу эмгектенет. Факультетте бүгүнкү күндө 700ге жакын студент күндүзгү жана сырттан окушат. Окуу процесси мамлекеттик окутуу стандарттарына шайкеш келген окуу пландарынын, модулдук иш программаларынын жана окутуунун Болондук процессинин принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Студенттердин билим деңгээлин текшерүү модулдук-рейтингдик системада, компьютердик технологияны колдонуу менен, бейтарап комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлөт жана алардын билимине коюлган баалар тесттик тапшырманын негизинде аныкталат.

Айкындыктын жана демократиянын алдыңкы принциптерин колдонуп, студенттердин окуудагы, коомдук жана турмуштук маселелерине көмөк көрсөтүү максатында студенттик парламент уюштурулган. Жөндөмдүү студенттер республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышышат. Факультетте студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында акыркы 5 жылдын аралыгында эле окутуучулардын курамы тарабынан 60тан ашык окуу-методикалык көрсөтмөлөр жана 3 окуу китеби типографиялык ыкма менен басмадан басылып чыгарылды. Ошондой эле 2003-жылдан тартып окутуучулар жамааты тарабынан 130 илимий макала, 3 монография жарык көрүп, 5 ойлоп табуучулукка патент алынган. Факультеттин китепканасында 9000ден ашуун техникалык, табигый, экономикалык жана гуманитардык багыттагы окуу, илимий китептери бар жана студенттер үчүн окуу китептеринин электрондук библиотекасы түзүлүүдө.

Студенттерди окутууда заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен сабак өтүү процесси алардын билим деңгээлинин жогору болуусуна шарт түзөт. Азыркы учурда факультетте 65 персоналдык компьютерлер 3 окуу залында жайгашкан. Алардын ичинен 30 компьютер акыркы муундагы Pentium 4  компьютерлери болуп саналат.

Бүгүнкү күндө технология-жкономикалык факультеттин материалдык-техникалык базасы студенттер үчүн жеткиликтүү билим берүүгө ылайыкташкан 3 окуу корпусунан турат жана алардын жалпы аянты 3971 кв.м. түзөт.

2019-жылдын 31-январында ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде «Күч-билимде» интеллектуалдык таймаш оюну ар бир адистиктен турган 5 команданын катышуусунда өткөрүлдү. ТЭФтин ага окутуучусу Мамадалиев Э. жана факультеттин студпарламентинин уюштуруусунун негизинде, И-1-17 группасынын студенти Арстанаалы уулу Бекназардын жетектөөсү менен оюндун I этабында күчтүү командалар тандалып алынды. Ал эми жеңишке жеткен командалар оюндун II этабына даярданууда.
Адистиктер:

  • 580100 — Экономика
    Ишканалардын экономикасы жана башкаруусу экономист — менеджер;
    Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
  • 670300 — Транспорттук процесстердин технологиясы
    Жол кыймылынын коопсуздугу жана аны уюштуруу
  • 670100 — Жер үстүндөгү технологиялык машиналар жана коплекстер
  • 670200 — Транспорттук технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо
  • 580600 — Логистика
    Транспорт логистикасы;
  • 710200 — Информациялык системалар жана технологиялар
  • 710300 — Колдонмо информатика
  • 580200 — Менеджмент
  • 580280 — Кесиптик билим берүү
  • 580900 — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
Прокрутить вверх