Кадрлар бөлүмү

Бешкемпирова Венера Курбоновна

кадрлар бөлүмүнүн башчысы

Кадрлар бөлүмү университеттин уставына ылайык ректорго баш ийүүчү өз алдынча бөлүм болуп саналат. Бөлүм өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана ректордун буйруктарынын, жарлыктарынын негизинде жүргүзөт.

Кызматка алуу жана кызматтан бошотуу иш-чаралары окуу бөлүмүнүн, деканаттардын, кафедралардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери менен бирдикте жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө студенттер тууралуу бардык маалыматтар автоматташтырылган AVN программасына киргизилген. Кадрлар бөлүмүнүн иш алып баруусун оптималдаштыруу максатында университеттин иш кагаздарын толтуруунун эрежелери жана тартиби кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.

   Кадрлар бөлүмү жогорку билимдүү, кадрлар менен иштөө тажрыйбасы бар кызматкерлер менен топтолгон.

          Бөлүмдүн негизги иш-милдеттери:

  • Кызматка кабыл алуу, сунуштамаларды кароо, кызматтан которуу жана бошотуу, жаңы  кызматка алынган  кызматкерлерге өз учурунда өздүк иш көктөмдөрүн уюштуруу, алар менен эмгек келишимин түзүү, ошону менен бирге университеттин туруктуу штаттык курамынын өздүк иш көктөмдөрүн сактоо;
  • Профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин өздүк курамы боюнча буйруктарды чыгаруу;
  • Профессордук-окутуучулар курамын конкурстан өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
  • Эмгек китепчелерин сактоону уюштуруу жана аларды өз убагында иш кагаздардын негизинде толтуруу, кызмат ордунун өзгөрүшү, сыйлоо боюнча маалыматтарды жазуу;
  • Бөлүмдөрдөн келген билдирүүлөрдү өз убагында каттоо. Студенттик иш көктөмдөрдү жүргүзүү жана сактоо, иш көктөмдөр боюнча буйруктарды өз убагында жеткирүү жана бул иш көктөмдөрдөгү бардык иш кагаздарынын толук сакталышын камсыздоо;
  • Окууга кабыл алынган студенттерди электрондук зачеттук китепче жана студенттик билет менен камсыздоо;
  • Аскер комиссариаты менен тыгыз байланышта болуп, комиссариатка окууга кабыл алынган, тизмеленген жана окуудан чыгарылган студенттер тууралуу маалымат менен камсыздоо;
  • Жумуштан бошогон профессордук-окутуучулук курамдын, жумушчулардын, кызматкерлердин жана университеттин студенттеринин катарынан чыгарылган студенттердин өздүк иш көктөмдөрүн белгиленген мезгилде жана тартипте университеттин архивине өткөрүү;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун журналга түшүрүү жана тапшыруу боюнча иш алып баруу;
  • Архив бөлүмү кабыл алынган университеттин иш-кагаздарынын сакталышына жооптуу жана кабыл алынган иш кагаздарын сактоо боюнча тизмекке бөлүштүрүү, туруктуу сакталуучу иш кагаздарды облустук архивге өткөрүү, мөөнөтү бүткөн иш кагаздарды комиссиянын чечими менен жок кылуу жана башка иштерди мыйзамга ылайык жүргүзөт.
Прокрутить вверх