Достук фестивалы

Ыйман,адеп жана маданият жылына карата»Студенттер билимдүү,бирдиктүү Кыргызстан үчүн !» аттуу II республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 15-16-июнь күндөрү болуп өттү.
Фестивалга ТалМУ, НМУ, ЖаМУ, ЫМУ, БатМУ, ОшМУ, ОГПИнин ректорлору жана талантуу студенттери катышты.
Иш-чаранын максаты жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, студенттердин арасында достукту бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле ички академиялык мобилдүүлүк,окуу-илимий алакалар түзүү, ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер каралган.

 

 

Прокрутить вверх