23-январда ТалМУнун кеңешме залында “Шааркана” кичи-гранттар сынагы боюнча маалыматтык семинар болуп өттү

23-январда ТалМУнун кеңешме залында “Шааркана” кичи-гранттар сынагы боюнча маалыматтык семинар болуп, анда шаарды туруктуу өнүктүрүү үчүн актуалдуу маселелер боюнча дискурсту калыптандыруу, капитал түзүү, аны бекемдөө, долбоор жазуу, идеяны ишке ашыруу ж.б. сыяктуу маалыматтар берилди. Ага университеттин активдүү студенттери, грант жазууга кызыккан окутуучулары, шаар тургундары, Талас жаштар уюмунун өкүлдөрү катышты.