22-июнда ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов университеттин профессордук-окутуучулар курамына беш жылдык ректорлук ишмердүүлүгү боюнча отчетун берди

22-июнда ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов университеттин профессордук-окутуучулар курамына беш жылдык ректорлук ишмердүүлүгү боюнча отчетун берди. Бул 5 жылдык мөөнөт аралыгында ТалМУдагы билим берүү, илим-изилдөө, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, сырткы байланыштарды чыңдоо, жетишилген ийгиликтер, өткөрүлгөн ири иш-чаралар, билим берүү программалары боюнча көз карандысыз аккредитациядан өтүү ж.б. багыттар боюнча аткарылган иштерге токтолуп, жетишилген ийгиликтер коллективдин күжүрмөн эмгегинин аркасында болгонун баса белгилеп, акыркы эки жыл аралыгында университеттин негизги багыттары боюнча көрсөткүчтөрү өнүгүүгө карай багыт алганына токтолду. Андан кийин ректор А.Ш.Упеновго спорттук зал, жылуулук системасы, суу маселелери боюнча суроолор берилип, отчет тууралуу пикирлер айтылды. Жыйынды окуу жана илимий иштер боюнча проректор С.С.Жумалиев алып барды.