ТАЛМУ, ЖАӉЫ ЖЫЛЫӉ МЕНЕН!

ТалМУнун профессордук-окутуучулар курамынын жаӊы жылдык кечеси ѳткѳрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов окуу жайдын жамаатын Жаӊы жылы менен куттуктап, ѳтүп бара жаткан жылдагы ийгиликтерди — 4 адистиктин кѳз карандысыз аккредитациядан ѳтүшүн, эки докторлук жана эки кандидаттык иштердин корголушун, бир катар илимий долбоорлордун ишке ашырылып жатышын, маданий иштердеги ийгиликтер ж.б. ийги иштерди баса белгилеп ѳттү. Жыл мыктыларына акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды. КР Өкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү М.М.Мураталиев ТалМУнун жалпы жамаатын Жаӊы жылы менен куттуктап, келерки жылда ишинде ийгилик жараткан агай-эжелерге сыйлыктар, студенттерге стипендиялар ыйгарыларын белгиледи. Ошондой эле Бакай-Ата районунун акими Ч.А.Торокулов, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы А.А.Жумабеков, коомдук ишмер А.К.Кушубеков куттуктоолорун айтышып, университеттин эмгек жамаатынын жаратып жаткан ийгиликтерине токтолуп кетишти. Кеченин кийинки бѳлүгү шандуу ыр-бийлер, тамаша-оюндар менен коштолду.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*