Талас мамлекеттик университетинде мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция уюштурулду

Талас мамлекеттик университетинде мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Талас шаарынын мэриясынын өкүлү, Талас шаарынын агрардык-экономикалык колледжинин окутуучулары жана студенттери, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты активдүү катышышты. Пленардык отурумунда т.и.к,доценттер М.М. Жусупова, Р.Т. Конокбаев, Талас агрардык-экономикалык колледждин окутуучусу М. Жуматаева жана ОКББнын ага окутуучу Д.З. Бекмуратовалар илимий баяндамалары менен чыгып, сүйлөштү. Конференциянын аягында резолюция кабыл алынды.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх