Салтка айланган сармерден оюну

Ыйман,адеп жана маданият жылында кыргыз элинин маданиятын даңазалоо максатында Нооруз майрамына карата  ТалМУнун студенттери арасында «Сармерден-2017» аттуу конкурс өттү. Башка жылдарга салыштырмалуу программанын шарттарында өзгөрүүлөр бар. Алар акындык айтыш,кыргыз ырларын элдик аспаптардын коштоосунда аткаруу.

Конкурста калыстар тобунун курамында Талас облусттук А.Токтогулов атындагы китепкананын башкы методисти,»Даңк»медалынын ээси Ф.Чыныбаева, К.Медетбеков атындагы Талас облусттук музыкалык драма театрынын актрисасы, маданияттын мыкты кызматкери А.Алсейитова, «Талас турмушу»газетасынын бөлүм редактору,белгилүү журналист Т.Жакыпбеков,Талас балдар билим берүү борборунун мугалими, акын, манасчы К.Сыдыков,Тамадалар ордосунун мыкты тамадасы,актер Т.Олжобаев болушту.

Конкурстун жыйынтыгында:

I  орунга гуманитардык факультеттин студенттери ээ болду

II орунга табият таануу жана педагогика факультети

III орунга кесиптик билим берүү бөлүмү ээ болушту.

Прокрутить вверх