МААЛЫМАТТЫК КАТ

 

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институту 2018-жылдын 18-майында “’Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында. Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгына жана Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү «Билим берүүдөгү актуалдуу маселелер» атту эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга чакырат.

Бул эл аралык илимий — тажрыйбалык жыйынга катышуу үчүн төмөнкүдөй багыттарда баяндамалар кабыл алынат:

  • Инновациялык технологиялардын жана окутуунун актуалдуу маселелери;
  • Азыркы шарттагы табигый-математикалык билим беруу;
  • Гуманитардык илимдер;
  • Педагогика жана психология

Илимий баяндаманы (макаланы) даярдоо эрежеси:

Баяндаманын(макаланын) башында жогорку он бурчунда автордун(авторлордун) тег-аты жана аты, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, байырлаган шаары(кыштагы), электрондук дареги жазылат.

Андан кийин бир интервалдан сон сап ортосунда даана болгон баш тамгалар менен макаланын темасы берилет.

Бир интервалдан сон макаланын негизги текстинен мурда макаланын аннотациясы кыргыз, орус, англис тилдеринде 600 белгиден туруп, бир абзацтан ашпоосу зарыл. Макаланын ачкыч сөздөрү кыргыз, орус, англис тилдеринде 6-10 сөз болууга тийиш. Бир интервалдан сон негизги текст кетет.

Барак бетинин калыбы А4(21 х29.7см). Жээктери: жогорку, астынкы 1,5 см, сол жагы 3 см, он жагы — 1,5 см. Ариби: Times New Roman, өлчөмү 12 пт. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара; абзацтын алгачкы сабындагы онго чегинүү өлчөмү — 1,25 см. Сөз ташууга жол берилбейт. Текст кендиги боюнча түздөлөт.

Тексттеги шилтемелер чарчы кашаа [ ] ичинде берилет.

Ал эми «Адабият тизмеси» сөз айкашы — негизги тексттин сонунда бир интервалдан кийинки саптын ортосунда даана тамгалар менен жазылышы керек. Макалада пайдаланылган булактар менен шилтемелердин тизмеси жаны саптан баштап төмөнкү ирээтте берилет: текстте берилген шилтемеге ылайык номур боюнча булактын автору, аталышы, басылган орду жана жылы, тиешелуу бетинин саны жазылат (архивдик, кол жазмалык, сүрөттүк ж.б. маалыматтар илимий библиографиялык талапка ылайык кошумча жазылат).

Илимий макалалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.

Конференцияга катышуу учун баяндамалар жана өтүнмөлөр(заявка) 2018-жылдын

15-апрелине чейин төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүлүшү зарыл:

nazarat_ 78_78@mai1.ru Илимий иштер боюнча проректор Гайыпова Буназарат Абабакировна, borkoshey@mail.ru, КПИнин директорунун орун басары Боркошов Миражидин Маматкулович.

Конференция тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу толук маалымат алууга болот:

0778 94 08 55, 0774 30 90 00, 0771 68 41 99

 

Уюштуруу тобу конференциянын катышуучуларына алдын ала ыраазычылык билдирет

 

20-ж.Маалым кат конф.КПИ 2018-ж 

Прокрутить вверх