“Турдакун Усубалиев – мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

ТалМУда мамлекеттик
ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган “Турдакун Усубалиев – мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны университеттин ректору А.Ш.Упенов ачып, ага КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Тагайматова, Талас шаарынын мэри А.Ж.Джузупбеков, партиялык жана чарбалык ишмер, замандашы Абдыкадыр Кененсариев катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышып, Турдакун Усубалиевдин Кыргызстан үчүн жасаган эмгектерин баса белгилеп өтүштү. Пленардык баяндамаларын университеттин окумуштуулары: Ж.К.Абдиева, А.К.Укуева, Т.К.Айталиева, А.С.Усубалиевалар баяндашып, Турдакун Усубалиевдин мамлекеттик, экономикалык, социалдык, маданий, агартуучулук ишмердүүлүгүн кеңири ачып беришти. Конференцияга ТалМУнун профессордук-окутуучулар курамы, облустун мектеп мугалимдери жана университеттин студенттери катышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*