ТалМУнун кесиптик кошууну менен биргеликте профессордук-окутуучулар курамына волейбол жана шахмат оюндары боюнча спорттук оюндары өткөрүлдү

ТалМУнун кесиптик кошууну менен биргеликте профессордук-окутуучулар курамына волейбол жана шахмат оюндары боюнча спорттук оюндары өткөрүлдү. Оюн учурунда факультеттердин командаларынын ортосунда кызыктуу таймаш жүрүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Волейбол боюнча эжекелер арасында 1-орунду табият таануу жана педагогика факультети, 2-орунду кесиптик орто билим берүү бөлүмү, 3-орунду технология-экономика факультетинин командалары жеңип алса, агайлар арасында 1-орунду кесиптик орто билим берүү бөлүмү, 2-орунду табият таануу жана педагогика факультети жана 3-орунду технология-экономика факультетинин командалары жеңип алышты. Командаларга жана шахмат боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*