ТалМУда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Сатылган датканын 230 жылдыгына арналган “Сатылган датка – тарых таразасына” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

ТалМУда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Сатылган датканын 230 жылдыгына арналган “Сатылган датка – тарых таразасына” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны университеттин ректору А.Ш.Упенов ачып, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн маанисин, тарыхый инсандардын ролун белгилеп өттү. Өз куттуктоо сөздөрүн КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Д.Дуйшекеева, Талас шаарынын вице-мэри А.Күрүчбекова, Талас телерадио компаниясынын башкы директору Э.Үмөтов айтышып, Сатылган датка өңдүү тарыхый инсандардын мамлекеттүүлүктү түптөөдө кошкон салымдарына токтолушту. Илимий бөлүктү университеттин окуу жана илимий иштер боюнча проректору, доцент М.С.Тургунбаев алып барып, илимий баяндамалары менен тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Кененсариев, журналист М.Рахманкулов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент М.Жусупова, Талас облусундагы билим берүү борборунун директору Т.Тилекматов, доцент У.Мырзабекова чыгып сүйлөшүп, Сатылган датканын өрнөктүү өмүр жолун, жасаган эмгектерин, инсандык сапаттарын, тарых барактарында жазылбай калган кырларын ачып беришти. Резолюциядан кийин концерттик программа тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*