ТалМУга сыйлык ыйгарылды!

ТалМУга сыйлык ыйгарылды! 2018-2019-окуу жылында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жаш муундарга сапаттуу билим, тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн ТалМУга “Үлгүлүү жогорку окуу жайы” номинациясы жана 1-даражадагы диплому салтанаттуу ыйгарылды. Сыйлыкты КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.М.Мураталиев тапшырды. Ошондой эле университеттин бир катар окутуучулары өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары менен сыйланышты. Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган облустук салтанат жаш муундардын концерттик программасы менен коштолду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*