Диний экстремизм, радикализм жана терроризм коркунучун алдын алуу

Бүгүн ТалМУнун жыйын залында КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлери жана КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Ч.Осмоналиева, Талас облустук казысынын орун басарлары Касым ажы Токторов менен Медер ажы Сагынбаев, ТалМУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.Жумалиев “Диний экстремизм, радикализм жана терроризм коркунучун алдын алуу” аттуу теманын алкагында студенттер менен жолугушуп, “дин”, “диний коопсуздук”, “диний сабаттуулук”, “толеранттуулук”, “терроризм”, “диний радикализм”, “экстремизм”, “светтик өлкө”, “мыйзамдуулук” ж.б. сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө кеңири маалымат беришти. Жолугушуунун катышуучуларына терроризм, радикализм тууралуу атайын тартылган видеофильм көрсөтүлүп, студенттердин суроолоруна жооп беришип, аларды терең билим алууга, диний сабаттуулукка жетишүүгө, бардыгын анализдеп туура талдай билүүгө чакырышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*