Cтуденттер Арзыкан Момунтаева менен жолугушту

ТалМУнун гуманитардык факультетинде 24-февраль күнү Д.Казакбаев атындагы илимий китепканасында акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана “Даңк” медалынын ээси Арзыкан Момунтаева менен студенттердин жолугушуу кечеси болуп өттү.

Поэзия кечесинде акын эжебиздин “Бал дүйнө” аттуу мектепке чейинки балдар үчүн колдонмо китебинин бет ачары болду. Аты аталгaн китеп тууралуу студенттерге слайд көрсөтүлдү. А.Момунтаева өзүнүн ар түрдүү тематикадагы ырларынан окуп берди. Студенттер акын эжесине өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, жооп алышты. Акындын ырларына чыгарылган обондуу ырлар аткарылды. Жолугушуу кечесинде кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*