ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ГИМНИ

Сөзү: Усейин Эсенамановдуку
Обону: Жамалбек Изабековдуку

Кең Таластын илим, билим ордосу,
Рух дөөлөт, маданият борбору.
Келечекке умтулушкан жаштардын,
Аткарылсын асыл максат ойлору.

Кайырма:
Университет арыбасын сапарың,
Ар убакта алгаласын кадамың.
Ай-ааламга атагыңды таанытсын,
Бир өзүңдөн өсүп-өнгөн жаштарың.

Бабалардан калган ыйык мурастын,
Бар байлыгы кенчи болуп турасың,
Ардактуу кесип ээси болууда,
Адамзаттын жолуна шам чыраксың.

Кайырма:
Университет арыбасын сапарың,
Ар убакта алгаласын кадамың.
Ай-ааламга атагыңды таанытсын,
Бир өзүңдөн өсүп-өнгөн жаштарың.

Авторлору

dsc_0900Эсенаманов Усейин Отуналиевич Талас мамлекеттик университетинин көркөм жетекчиси, манасчы, төкмө акын, ырчы, сценарист.

Кыргыз Респубикасынын маданиятынын мыкты кызмыткери.

Кыргыз Респубикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасынын, Талас областтык мамлекеттик администрациясынын Манас-Ата мактоо барагынын, Кыргыз Респубикасынын эмгек, миграция жанажаштар министрлигинин Талас областтык башкармалыгынын Ардак грамотасынын, Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу-мэриясынын Ардак грамотасынын, Бүткүл союздук элдердин Эл чыгармачылыгынын Алма-Атада, Ташкентте өткөрүлгөн фестивалынын биринчи даражадагы Дипломдорунун ээси.

У. О. Эсенаманов Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында 1964-жылы туулган.

Билими: жогорку. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

Кесиби: музыка адистиги боюнча педагог.

Иштеген иши: 1985-1988-ж.ж. Ош педагогикалык окуу жайында окутуучу.

1988-1990-ж.ж Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучусу.

1990-жылы Талас шаардык аткаруу комитетинин жооптуу кызматкери.

1991-1996-ж.ж. Талас шаардык мадания бөлүмүнүн башчысы.

1997-2001-ж.ж. И. Арабаев атындагы Талас педагогикалык институтунун окуутучусу.

2001-ж. Талас мамлекеттик университетинин ага окутуучусу.

2004-ж. Талас малекеттик университетинин көркөм жетекчиси.

Прокрутить вверх