Педагогика кафедрасы

Умарбекова Анара Анарбаевна
Педагогика кафедрасынын башчысы,педагогика
илимдеринин кандидаты, доцент
Педагогика кафедрасы алгач И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Таластагы филиалы катары 1996-жылы гуманитардык дисциплиналар деген аталыш менен уюшулган. 1997-жылы 24-февралдагы №8/1 буйруктун негизинде педагогика, психология жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.1999-жылы 24-сентябрдагы №38/3 буйруктун негизинде кафедра төмөнкүдөй аталышта эки кафедрага бөлүнгөн: педагогика, психология жана башталгыч класстарды окутуунун методикасы.
2013-жылы 25-декабрда ректордун №4/6 буйругу менен «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы» кафедрасы «Педагогика» кафедрасы деп аталган.
2017-жылы 6-июнь айында «Педагогика» кафедрасы EdNet билим берүү тармагында сапатты камсыздоо Агентствосунун чечими менен аккредитациядан ѳткѳн.
Учурда кафедрада штаттык расписание боюнча жалпы – 11 окутуучу жана кош жумушчулукта 6 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинде 2 илимдин доктору, 2 илимдин кандидаты, 3 магистрант, 2 ага окутуучу жана 7 окутуучу, 1методист.
Окутуу- усулдук иштери
Кафедра тейлеген баардык дисциплиналар боюнча окуу методикалык комплекстер түзүлгѳн. Жыл сайын акрредитациянын талаптарына ылайык иш берүүчүлѳрдүн керектѳѳлѳрүн канаттандырууга, билимдин сапатын жогорулатуу максатында окуу дисциплиналарынын мазмунун жаңылоого, компеттентүү адистерди даярдооого зор кѳңүл бурулат.
Кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы тарабынан илим изилдѳѳ багыты жана адистикте окулуп жаткан дисциплиналар боюнча усулдук колдонмолор жарыкка чыккан. Алардын саны бүгүнкү күндѳ – 40. 2017-2018, 2018-2019, 2019-2020 окуу жылдарында жарыкка чыккан окуу-усулдук колдонмолордун саны-18.
Илим –изилдѳѳ иштери
Педагогика кафедрасынын илимий темасы «Педагогиканын актуалдуу маселелери жана окутууда интерактивдүү методдорду колдонуу» деп аталат. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы илимий теманын багытында илим изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Учурда кафедрада 2 илимдин доктору жана 2 илимдин кандидаты, 2 изденүүчү илимий багытта изилдөө иштерин улантууда.
Изилденип жаткан илимий иштер кафедранын илимий темасына багытталган, элдик педагогикага арналган изилдѳѳлѳр, башталгыч мектептин мугалимдерин даярдоодо башкаруунун сапатынын теориясы жана практикасы, башталгыч мектептин окуучуларынын билим сапатын жогорулатууда мектеп менен ата-энелердин кызматташтыгы жана болочоктогу адистерге математикалык билим берүү педагогиканын актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат.
Изденүүчү аспирант, докторанттар илимий изилдѳѳ темалары боюнча республиканын аймагында жана чет ѳлкѳлѳрдѳ уюшулган илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышып келет. 2014-2020-жылдар аралыгында кафедранын профессордук окутуучулар жамааты тарабынан жазылган – 98 илимий макалалары илимий-практикалык конференциянын жыйнактарында жарыяланган.
Студенттердин илим-изилдѳѳ иштери багытында студенттик илимий- практикалык конференциялар университеттик деңгээлде ѳткѳрүлүп, бааланып келет.
Тарбиялык иштер
Кафедранын тарбиялык иш планынын негизинде окуу тайпаларында куратордук сааттар өткөрүлүп турат.
Азыркы мезгилде педагогика кафедрасы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, Талас шаарынын жана Талас областынын мектептеринде педагогикалык практиканы ѳткѳрүү келишимдеринин негизинде мектеп менен бирдиктүү иш алып барышууда.

