Окуу жана илимий иштер боюнча проректор

                                      Сурапов Анаркул Кудайбердиевич                                           

ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору,
техника илимдеринин кандидаты, доцент
            • Талас мамлекеттик университетинин миссиясы – азыркы коомдун кесипкөй, компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдоо.

Негизги максаты — окуу процессин, илимди жана окутуунун инновациялык ыкмаларын эффективдүү интеграциялоонун негизинде коомдун заманбап талаптарына жооп берген адистерди калыптандыруу.

Талас мамлекеттик университети уюшулган мезгилден бери региондун, өлкөбүздүн экономикасынын түрдүү тармактары, билим берүү системасы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн 7000 миңден ашуун адистерди даярдап чыгарды. Алардын ичинде педагогдор, инженерлер, экономисттер, компаниялардын, ишкана-мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери ж.б. бар.

Азыркы ааламдашуу мезгилинде даярдалган адистер региондун, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, ылдам өзгөрүп жаткан эмгек рыногуна ылайыкташып, аралашып кетүүсү абзел. Бул багытта адистерди даярдоодо окуу жайдын 25 жылдык өсүп-өнүгүүсүндө бир топ деңгээлде тажрыйба топтолду. Учурда окуу жайда адистерди даярдоо үч деңгээлдүү баскычта жүргүзүлүүдө: лицей – колледж — жогорку окуу жайы. Магистратураны ачуу боюнча иштер алынып барууда.

ТалМУ тарабынан бакалаврдын 12 багыты боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо үчүн жана кесиптик орто билим берүүнүн 14 адистиги боюнча лицензия алынган. Окуу процесси Болон системанын негизинде уюштурулган жана окуу жүктөмдөрүндө студенттердин билим өздөштүрүүсүнүн бирдиги катары кредит өлчөмү пайдаланылып, студенттердин билим деңгээли 100 упайлык шкала менен бааланат. Окуу процессинин уюштурулушунда, студенттердин билим сапатын жогорулатуу жана баалоо процессинде заманбап технологиялар кеңири колдонулууда. Студенттерге билим берүү процессинде университеттин 7 окуу корпусунда 5 компьютердик жана мультимедиялык класс, 2 лингафондук кабинет, 12 лабораториялык жана тематикалык кабинеттер, 2 окуу өнөрканасы, 3 конференция залы, филология, тарых жана табыгий илимдер багытында 5 борбор иштеп келет. Виртуалдуу лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн IT, анатомия, математика, физика багыттары боюнча компьютердик окутуу программалары киргизилүүдө. Билим берүү процессинде ZOOM, Jitsi Meet, Classroom, Freecam, Peardeck, Bandicam, WhatsApp, Telegram ж.б.с. заманбап интернет технологиялары кеңири колдонулууда.             Университеттин китепканасы Кыргызстандын электрондук китепканалар ассоциациясынын мүчөсү болуп катталып, ТалМУнун билим берүү порталына туташкан электрондук китепкана түзүлгөн. Керектүү окуу китептеринин электрондук түрү билим берүү порталында, абонементте жана китепкананын окуу залдарында бар. ТалМУнун окуу имараттарында китепкананын 4 окуу залы иштейт жана китепкананын жалпы фонду 64324 нусканы түзөт.Университет мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына толук жооп берип, учурда көз карандысыз аккредитацияга даярданууда жана өзүнүн статусу менен, бүтүрүүчүлөрү менен толук сыймыктана алат.

Инновациялык ой жүгүртүүнүн негиздери студенттерди илимий-изилдөө иштерине активдүү катыштыруу процессинде пайда болот. Бул үчүн окутуучулар өздөрү да илимий-изилдөө иштери менен тыгыз алектенип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн актуалдуу болгон маселелерди чечүүлөрү зарыл. Ушул багытта университетте жыл сайын салтка айланып калган студенттердин, окутуучулардын илимий-практикалык конференциялары өткөрүлүп турат. Ошондой эле акыркы 5 жылда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти тарабынан мамлекеттик гранттын негизинде каржыланган долбоорлордун каражат өлчөмү 8 608500 сомду түздү. Жыл сайын илимий изилдөөсүнүн жетишкендиктерин практикада, билим берүү процессинде колдонуп, билим-илим жана өндүрүштүн интеграцияланышын камсыз кылган окумуштуулардын чөйрөсү кеңейүүдө.Учурда окуу жайда жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Айталы, 42 аспирант-изденүүчү жана 15 докторант диссертациялык илимий иштеринин үстүндө эмгектенишүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, окутуучулар тарабынан кандидаттык диссертацияны жактоодо 60 миң сом, ал эми доктордук диссертацияны жактаганда 100 миң өлчөмүндөгү материалдык колдоо көрсөтүлүп турат. Анын натыйжасында, акыркы беш жыл аралыгында 5 докторлук жана 10 кандидаттык диссертация корголду. Ошондой эле, профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан акыркы беш жылда 9 окуу китеби, 6 окуу куралы, 3 монография, 50 окуу-методикалык комплекс, 379 илимий макала (Scopus – 3, РИНЦ – 101, РИНЦ КР – 379) жарыкка чыгарылды.

ТалМУда эл аралык, республикалык маанидеги илимий конференциялар, семинарлар, тегерек столдор ж.б байма-бай өткөрүлүп турат. Белгилей кетсек:

  • «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы: негизги этаптары» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция (2016-жыл 3-июнь).
  • «Азыркы мезгилдин жана тарыхтын илимий аспектилери» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция (2016-жыл 21-октябрь);
  • Салттуу билим жана заманбап технологиялар: баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер” аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференция (2020-жыл 15-май) ж.б.

Акыркы жылдарда эле 4 эл аралык, 6 республикалык жана 12 университет ичиндеги конференция уюштурулуп, өткөрүлдү, РИНЦтен илимий макалалардын 6 жыйнагы басылып чыкты.            TaлМУ төмөнкү университеттер менен кызматташуу боюнча келишимдерге ээ: Алтай мамлекеттик университети (Россия), KИИT (Индия), Анадолу (Түркия), Ататүрк (Түркия), Яссы (Румыния), Лас Пальмас (Испания), Кокчетау мамлекеттик университети (Казакстан), ТИГУ (Казакстан), Иван Франко атындагы Житомир мамлекеттик университети (Украина) ж.б. Лас-Палмас-де-Гран-Канария университети жана Румыниянын Александр Иоан Куза университети менен мобилдүүлүк боюнча эки долбоор аткарылууда. Долбоорлордун алкагында Испания, Бельгия, Финляндия, Түркия, Польша, Хорватия, Чехия, Румыния, Германия, Италия ж.б. сыяктуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн университеттин окутуучулары, аспиранттары, студенттери билим алышып, практика, стажировкалардан өтүштү.

Прокрутить вверх