Жерде жүрүүчү транспорт жана транспорттук процесстердин технология кафедрасы

064Абдырахманов Иманбек  Асанович,

кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент

Жерде жүрүүчү транспорт жана транспорттук процесстердин технологиясы кафедрасы 2001-жылы түзүлгөн. 2004-жылдан баштап аталган адистик боюнча “транспортту уюуштуруу жана башкаруу инженери» квалификациясындагы жогорку билимдүү кесип ээлерин чыгарып келе жатат.

Аталган адистикти бүтүргөн кадрлар Ички иштер министирлигинде, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында, жол чарбасын эксплуатациялоо системасында, Кыргыз автотранспорт жана коммуникациялар министирлигинин тармактарында жана башка автотранспорттук ишканаларда, окуу жайларда жана  эл аралык долбоорлордо иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Окуу программасына ылайык адистештирилген 5 окуу кабинети жасалгаланган. Аудиториялардын биринде телевизор DVD менен орнотулуп, окуу процессинде предметтик видеофильмдери кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган. Окуу процессине жаңы технологиялык окуу ыкмаларын колдонууну өркүндөттүү иштери, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, жаңы окуу-усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, аудиторияларды жаңылап жабдуу иштери үзгүлтүксүз улантылып келет.

Кафедрада бардыгы болуп 9 окутуучу эмгектенет. Анын ичинде: техника илимдеринин доктору, профессор — 1; илимдин кандидаттары жана доценттери — 2; ага окутуучулар — 4; окутуучу — 1; окутуучу-мастер — 1 жана кафедранын 1 методисти бар. Профессордук-окутуучулардын сапаттык курамы 37,5% пайызды түзөт.
066 069

Акыркы 5 жылда кафедранын окутуучулары тарабынан ойлоп табуучулукка 4 автордук күбөлүк алынып, 24 илимий макала жарык көргөн. Кафедранын окутуучулары  илимий-изилдөө иштерин аткарууда И.Раззаков атындагы КМТУ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ, Н.Исанов  атындагы КМКТАУ,  ОшТУ  ж.б. окуу жайлары менен окуу-усулдук жана илимий иштер боюнча тыгыз байланышта кызматташып келет. Өндүрүш менен байланыш Талас облусунун аймагында жайгашкан АК «Биримдик», ПЛУАД №5 жана анын бөлүмдөрү, Талас областтык ИИБ жана анын бөлүмдөрү, КР ГААВТ, Талас территориялык автотранспорттук башкармалыгы сыяктуу облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мекемелер, уюмдар, өнөр-жай ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлүп келет.

065 067

068

DIGITAL CAMERA

 

Кафедранын окутуучулук курамы

Абдырахманов Иманбек  Асанович

Тургунбаев Мелисбек Сыргабаевич

Омурбеков Адамкалый Молдошевич

Кулеков  Нурзат  Абдылдабекович

Шамуратов Калыбек Тазырбекович

Ташманбетов Тилек Тынаевич

Дуйшобаев Калдыбек Садыбакасович

Курманалиева Айнура Озубековна

Осмонов Майрамбек Надырбекович

Керимбай уулу Максат

 

Прокрутить вверх