Программалар жана гранттар

ТалМУнун катышуусу менен долбоорлор

ССДС – 530154-TEMPUS-1-2012-1-IT-TEMPUS-JPGR «Student Support and Development Services», «Студенттик кызматтарды колдоо жана өнүктүрүү» долбоору
Долбоор Грузия/Казахстан/Кыргызстан/Азербайжан/Израилдин максаттуу жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн глобалдашуунун чакырыктарына туруштук бере ала турган алдыңкы европалык тажрыйбага ылайыкжаңыланган кызматтарды түзүүгө багытталган.
Максаты: Аспиранттар үчүн инновациялык кызматтарды өнүктүрүү: академиялык колдоо жана ориентация, студенттик жашоо кызматтары: консультациялык колдоо жана мобилдүүлүккө багыт берүү, карьералык пландоо жана бүтүрүүчүлөр менен мамилелер.

КВАДРИГА — “QUADRIGA” QUALIFICATION FRAMEWORKS IN CENTRAL ASIA: BOLOGNA-BASED PRINCIPLES AND REGIONAL COORDINATION. БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ КВЛИФИКАЦИЯЛЫК АЛКАМ: БОЛОНДУК ПРИНЦИПТЕРИ МЕНЕН АЙКАШУУ ЖАНА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШТЫК;
Ишке ашыруу мөөнөтү: 2012-2014-жж

Максаты: Борбордук Азия өлкөлөрүндө Квалификациялык Алкактын идеяларын ишке ашыруу жана Улуттук Квалификациялык Алкак үчүн Колдонмолорду түзүү. Жаңы европалык ыкмалардын негизинде айрым чөйрөлөрдөгү билим берүү стандарттарына болгон талаптарды андан ары өнүктүрүү жолу менен билим берүү системаларын өркүндөтүү пландаштырылууда.

TuCAHEA: — «Towards a Central Asian Higher Education Area». Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү зонасын түзүүгө карай: структураны тууралоо жана сапат маданиятын калыптандыруу. Долбоордун максаты Европалык жогорку билим берүү аймагына окшош Борбордук Азиядагы Жогорку билим берүү аймагын өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат (2012-2015). Долбоордо билим берүү системасы эмес, анын түзүмү жана мазмуну каралат. Билим берүү системалары мамлекеттин жоопкерчилиги болсо, структурасы жана мазмуну университеттердин жана профессорлордун чөйрөсү.

ЮНИВОРК — Strengthening Career Centres in Central Asia Higher Education Institutions to empower graduates in obtaining and creating quality employment 544126-TEMPUS-1-2013-1-ES-TEMPUS-JPHES. Бүтүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана сапаттуу жумуш орундарын түзүү үчүн БА жогорку окуу жайларында Карьера борборлорун бекемдөө жана өнүктүрүү (2013-2016).

Эразмус Мундус долбоору Канем, Долбоордун максаты Европа биримдигинин жана Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайларындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

СИЛКРОУТЕ долбоору Еврокомиссия тарабынан колдоого алынган. Максаты – студенттердин жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү.

КЫРМЕДУ Кыргыз Республикасында биомедициналык инженерия жана саламаттыкты сактоону башкаруу тармагында жогорку билим берүүнү өнүктүрүү
Долбоордун максаты:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга багытталган жаңы жана инновациялык билим берүү программаларын (окутуу багыттарын) иштеп чыгуу;
калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын натыйжалуу жогорулатуу жана медициналык жабдууларды натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторунун жаңы жана инновациялык адистиктерге болгон муктаждыктарын аныктоо;
Жаңы окуу пландарын, окутуу ыкмаларын/технологияларын жана билим берүү ресурстарын алмашуу аркылуу улуттук жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо.

МАЙНД Менеджмент Инновация Өнүгүү
Долбоордун максаты:
Борбордук Азия өлкөлөрүндө билим берүү процессинин туруктуулугун бекемдөө жана билим берүү программаларынын жагымдуулугун жогорулатуу.

Эл аралык кызматташтык
Талас мамлекеттик университетинин эл аралык өнөктөштөрү
Ш. Уалиханов атындагы Кокшетау мамлекеттик университети
Кокшетау, Казахстан
Шукшин В. М. атындагы Алтай мамлекеттик
гуманитардык-педагогикалык университети
Бийск, Россия Федерациясы
Университет Кастамону
Анкара, Турция
Тараз инновациялык-гуманитардык университети
Тараз, Казахстан
Загреб университети
Загреб, Хорватия
У. А. Жолдасбекова атындагы Экономика жана укук академиясы
Казахстан
В. Гнатюк атындагы Тернополь улуттук педагогикалык университети
Тернополь, Украина
«ЖИБЕК ЖОЛУ» Эл аралык туризм университети
Самарканд, Узбекистан
Житомир мамлекеттик университети
Житомир, Украина
Клуж-Напока техникалык университети
Клуж-Напока, Румыния
Прокрутить вверх