8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ


Алгач аялзатына арналган учкул ыр саптары окулуп, эне жөнүндө обондуу ыр аткарылып , ТалМУнун агайлары менен студент жигиттери университеттин профсоюздук уюму тарабынан алынган гүлдөрдү салтанатка катышып отурган эжелер менен студент-кыздардын баарына белек катары тартуулашты. Андан соң ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзүн айтып, өз ишинде ийгиликтерди жараткан эжекелер менен студент кыздарга ардак грамоталарды салтанаттуу тапшырды. Майрамдык салтанатка депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы М.И.Эсенкулов дагы катышып, аялзатын майрамы менен куттуктап,окуу жайдын алдыңкы эжекелерине шаардык кеңештин ардак грамоталарын тапшырды. Кесиптик кошуундун төрагасы Э.Абдраимов 50 жаш, 60 жашка чыккан эжекелерге, коомдук иштерге активдүү катышкан эжекелерге грамоталар менен акчалай сыйлыктарын тапшырды. Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгүндө атайын даярдалган ырлар эстраданын, аккордеондун коштоосунда аткарылып, кыргыз бийлери бийленип , ТалМУнун эжекелерине майрамдык маанай- шат тартууланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*