5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнү

5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнүнѳ арналган облустук масштабдагы салтанаттуу иш-чара ТалМУнун жыйын залында ѳткѳрүлдү. Иш-чарага КР Өкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү М.М.Мураталиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин атайын ѳкүлү Н.М.Мусаева, Талас шаарынын мэри А.Ж.Джузупбеков, Талас усулдук билим берүү борборунун башчысы Т.К.Тилекматов, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов жана облустагы мектептердин мугалимдери, университеттин окутуучулары катышты. Келген коноктор мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташып, жаштарга билим берүүдѳгү үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлыктарды салтанаттуу тапшырышты. ТалМУнун ардагери К.Кыдыралиевге КР Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” тѳш белгиси У.Ж.Мырзабекова менен Т.К.Айталиевага, Ардак грамотасы К.Т.Шамуратовго тапшырылды. О.э. КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен Ч.Т.Раева, К.Т.Сагынбаева, мэриянын Ардак грамотасы менен С.Нукешов, Ж.Жекшеналиева, А.Жоробеков, А.Орозалиев, Б.Дуйшеев, Талас шаарынын Ардактуу атуулу сыйлыгы менен А.Ж.Ажибаева, облустук профсоюздун грамотасы менен А.Курманалиева, У.Жанузаков ѳӊдүү окутуучулар сыйланышты. Мындан сырткары бир топ кесиптештерге ТалМУнун Ардак грамотасы тапшырылды. Андан соӊ кѳӊүл кушун сергиткен концерттик программа тартууланды.  МАЙРАМЫӉЫЗДАР КУТТУУ БОЛСУН, АРДАКТУУ АГАЙ-ЭЖЕЛЕР!

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*