21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө арналган облустук деңгээлдеги “Күч – билимде” аттуу интеллектуалдык таймаштын финалдык бөлүгү өткөрүлдү

ТалМУда Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө арналган облустук деңгээлдеги “Күч – билимде” аттуу интеллектуалдык таймаштын финалдык бөлүгү өткөрүлдү. Аталган оюн гуманитардык факультеттин тарых адистигинин 2-курсунун студенти Арстаналы уулу Бекназар тарабынан демилгеленип, тарых жана коомдук илимдер кафедрасы менен гуманитардык факультети тарабынан колдоого алынып, оюн буга чейин Талас шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын арасында өткөрүлүп, 48 команданын арасынан мыкты деп тандалып алынган 8 команда ат салышты. Финалдык таймашта “Умай эне” командасы 1-орунга, “Манас” командасы 2-орунга, “ТЭФ” командасы 3-орунга ээ болуп, атайын дипломдор жана атайын белектер менен, калган командалар баалуу белектер менен сыйланды. Уюштуруучулар доцент А.С.Усубалиева, Арстаналы уулу Бекназар жана калыстар курамы ТалМУнун ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*