“Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп кетем дүйнөдөн”

Студенттерди Ата Мекенди сүйүүгө, эли-жерин коргоого, мекенчилдикке тарбиялоо жана патриоттук сезимдерин күчөтүү максатында, 22-февралда, кыргыздын белгилүү акыны Б.Сарногоевдин 85 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп кетем дүйнөдөн”  деген темада университеттик деңгээлде көркөм-маданий программа уюштурулат.

“Кел, нукура кыргызча жана маданияттуу сүйлөшөлү”

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында тил маданиятын көтөрүү максатында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган “Кел, нукура кыргызча жана маданияттуу сүйлөшөлү” деген ураандын алдында жалпы университеттик акция өткөрүлөт. Бардык студенттерди активдүү катышууга чакырабыз.