Кыргыз Республикасынын экс-Президенти ТалМУда

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана Эл аралык “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү 14-15 – ноябрда Талас областына жасаган иш сапарынын алкагында Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору катарында кезектеги салттуу ачык лекцияларды окуду. КРнын экс-Президенти Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Р.Отунбаева университеттин жамааты жана студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл. Эгемендүүлүк “тарыхы жана келечеги” ачык лекциясын окуп, соңунда поэзия мүнөттөрү болду. Ушуга удаа эле кара жорго, ыр, йога боюнча мастер класстар өткөрүлүп, “Манас сүрөттөрдө” деген балдарга арналган китептин бет ачары болуп өттү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*