Эл аралык кызматташуу (эскиси)

Келечектен көптү үмүттөндүргөн  биздин жаштар жөнүндө кам көрүү, алар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү, терең билим берип, аларды өзү тандаган кесиптердин ээси болууга үндөө Талас мамлекеттик университети үчүн эң  негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Талас мамлекеттик университети көптөгөн эл аралык уюмдар, фонддор менен иш алып барат. Жыл сайын ар кандай долбоорлорго катышып, университеттин окутуучулары менен студенттери чет өлкөлөрдөн окуп келүүсүнө, билими менен тажрыйбасын өркүндөтүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келе жатат.

039 040

Эл аралык кызматташуу багытында университеттин иш-аракети эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭББ) аркылуу жүргүзүлөт. Учурда ТалМУ Сорос-Кыргызстан Фонду, АКСЕЛС, АЙРЕКС, ДААД, ТЕМПУС, Тынчтык Корпусу, ЛОГО, АКШ, Германия, Франция өкүлчүлүктөрүнүн программалары, Швеция программалары  жана  Англия консулдугу, Эрасмус+ программасы ж.б. эл аралык фонддор, мекеме-уюмдары менен тыгыз кызматташат. Европанын жана КМШ мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары менен да байланышта иш жүргүзөт. Жогоруда аталган программалардын алкагында Талас мамлекеттик университетинин  60ка жакын окутуучулары менен студенттери өз билимдерин чет өлкөлөрдөн улантып келишти. Окутуучуларыбыз чет өлкөдөн тажрыйба алмашуу аркылуу алган билимдерин университетте жайылтып келүүдө.

Азыркы учурда бир студент Хорватияда, 2 магистрант  Германияда, 1 магистрант Румынияда, 1 студент Румынияда билим алып жатат. Ошондой эле кредиттик мобилдүүлүк боюнча Румыниянын Александр Лоан университетинен бир окутуучу Талас мамлекеттик университетине тажрыйба алмашуу максатында келип, студенттерге лекция окуп, окутуучуларга өз тажрыйбасын алмашып, семинар-тренингдерди өткөрүп кетүү максатында келген.

042 041

Бүгүнкү күндө Талас мамлекеттик университети Кыргызстандын аймактарындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу келишимине кол коюп, тажрыйба алмашуу жана студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында иш жүргүзүп жатат. Мындан сырткары чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен  да келишим түзүлгөн. Айта кетсек, Испаниянын Лас Пальмас университети, Германиянын Кобленц ландау университети, Румыниянын Александр Лоан университети, Индиянын КИИТ университети, Түркиянын

Анадолу университети, коңшулаш Казахстандын Чокан Валиханов университети, Россиянын Алтай университети ж.б. көптөгөн окуу жайлары менен кызматташтык алакаларды жүргүзүп келет.

047 046

Бүгүнкү күндө ТЕМПУС – жогорку билим берүүнү модернизациялоо программасы боюнча 4 эл аралык долбоор өз ишмердүүлүгүн аяктоонун алдында турса, Эрасмус Мундус долбоору боюнча 2 долбоор жана Эрасмус+ программасы боюнча 2 долбоор, кредиттик мобилдүүлүк боюнча 2 жаңы долбоор өтүп, аларды ишке ашырууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Төмөнкү таблицада Талас мамлекеттик университетинин окутуучулар жамаатынын жана студенттеринин эл аралык долбоорлордун алкагында чет өлкөдө билим алып келүүсү көрсөтүлгөн.

Кызыл түс – студенттердин чет өлкөдө билим алуусу, кара түс — студенттердин ЛОГО программасынын алкагында практикасы, ал эми көк түс -окутуучулардын чет өлкөдөгү тажрыйба алмашуусу.

graphТаблица №1. Студенттердин чет өлкөдөгү билим алуусу менен ПОЖдун тажрыйба алмашууларынын динамикасы.

049 048 045  044

Прокрутить вверх