Ачык дарс

«2017-жыл Ыйман адеп жана маданият жылына» карата Талас мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы  жыйындар залында 31-мартта облусттук деңгээлде кыргыз элинин руханий жана адеп, ыйман баалуулуктарын коомчулукка кеңири жайылтуу максатында «Ыймандуулуктун генезиси», «Адептүүлүк жактан тазалык» деген темада  ТалМУнун  ардактуу ардагери, ф.и.к., доцент » Ыйман сабагынын » авторлорунун бири М.М.Калманбетов  өзүнүн ачык лекциясын окуду.

Бул иш-чарага КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А.Кенекеев, Талас облусттук  усулдук борборунун директору Т.К.Тилекматов, ТалМУнун  ректору А.Ш.Упенов, профессордук-окутуучулар курамы, облусттук жана шаардык мектептерден адеп сабагынан берген мугалимдер, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, агро-экономикалык колледжинин окутуучулары жана ТалМУнун студенттери ж.б. катышты.

Прокрутить вверх