ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН
СТУДЕНТТЕРИ 2-РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА

Ж.Баласыгын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, «Каржылык коопсуздук» боюнча 2-республикалык олимпиадага Талас мамлекеттик университетинен 3 студент сынактын негизинде тандалып алынып, кийинки сынактын шартына ылайык, катышуучулар казынадан уурдалган каражатты бизнеске жумшап адалдаштырылган учурларды иликтеп берүү боюнча студенттер топторго бөлүнүп практикалык иш алып барышкан. Анда ТалМУнун технология-экономикалык факультетинен командалык практикумдан ИСТ-19гр. студенти Жуманазаров Бектур 1- орунду ээлеп, кубок жана баалуу белек менен, ал эми БУА-20гр.студенти Ыманалиева Сезим, катышкан 110 студенттин алгачкы активдүү катышкан 10 студенттин катарында болуп, баалуу белектер менен сыйланып ийгилик менен келишти.
СЫЙМЫКТУУ СТУДЕНТТЕРИБИЗДИ КУТТУКТАП, КЕЛЕЧЕКТИН МЫКТЫ АДИСТЕРИ БОЛУШУНА ТИЛЕКТЕШБИЗ!

Прокрутить вверх