Талас мамлекетик университетинин студенттик парламенти

  • ТалМУнун студенттик парламентинин төрагасы Токтобеков Мадияр
  • ТалМУнун студенттик парламентинин катчысы Байтемир кызы Эркинай
  • ТалМУнун студенттик парламентинин төрагасынын орун басары Ыстанбек уулу Омургазы
  • ГФнын студенттик парламентинин төрагасы Жумабеков Раббани
  • ТЭФтин студенттик парламентинин төрайымы Нурбекова Асыл
  • ТТПФтин студенттик парламентинин   төрайымы Мамышова Адина
  • КОБББнын студенттик парламентинин төрайымы  Султанова Уулжан

Максаты — ТалМУнун студенттери арасындагы маданий-массалык, коомдук иштердин жанданышына жана студенттердин окууга болгон кызыгууларын арттыруу, университеттик деңгээлде студенттердин ынтымак-биримдигин чыңдоо жана Кыргызстандын ЖОЖдорундагы студенттер менен интеграциялык байланыштарды күчөтүү, достук мамилелерди чыңдоо.

Аткарган иштер: 2018-жылы ТалМУнун студпарламенти кайрадан жаңы курам менен куралгандан баштап маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, демилгелүү иштерди уюштуруп келе жатабыз.  Айталы, ТалМУнун студенттик парламентинин демилгеси менен    2016-жылы 9-майда Талас шаарынын алкагында 28 панфиловчу-баатырлардын элесине арналган “Тынчтык” вело-жүрүшү уюштурулду.  2016-жылы 7-майда ТалМУнун студенттери Талас шаарында жашаган  согуштун жана ооруктун ардагерлеринин үйлөрүнө барышып, жардам катары  алардын кара жумуштарын аткарып беришти. Бул иш-чарада 6 ардагердин ар кандай кара жумуштары аткарылды.

2016-жылы  2-декабрь бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата ТалМУнун студенттик парламенти тарабынан кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Мында Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 6 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө (1кап ун, 2 даана самын, 1 кир жуучу порошок, 1 пачка чай, 3 литр тамак майы, 5 кг кумшекер, 5 кг китлап жана 5 кг рошки) жардамдар берилди. Албетте, биздин аткарган иштерибиздин натыйжасы аз болсо да коомго пайдасын тийгизип жатат деген терең ишеничтебиз. Алдыда дагы университетке, коомго, элге пайдалуу иштерди уюуштуруу боюнча конкреттүү пландарыбыз бар жана аларды ишке ашырабыз деген ойдобуз.

Прокрутить вверх