«Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары» аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү

Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары» аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция 2018-жылдын 21-апрелинде өткөрүлдү. Пленардык отурумда т.и.д, профессор Ташманбет Кененсариев «Алтай элдеринин Евразиянын тарыхындагы орду» аттуу илимий баяндамасы угуучулар үчүн абдан кызыктуу болду. Конференцияга ТалМУнун профессордук-окумуштууларынан тышкары, ОшМУ, ЖаМУ, ОГПИ,ОштТУнун окумуштуулары катышышты. Конференциянын сонунда резолюция кабыл алынып, секция башчылары өз жыйынтыктарын чыгарышты. Мазмундуу илимий баяндамачыларга ТалМУнун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Прокрутить вверх