КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө

 

Республиканын билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, окуу, илим жана өндүрүш потенциалын топтоонун региондук принцибин камсыз кылуу максатында, ошондой эле Талас областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, анын жогорку квалификациялуу адистерге муктаждыгын эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

  1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас филиалынын, Кыргыз агрардык академиясынын Талас филиалынын жана Талас айыл-чарба техникумунун базасында Талас мамлекеттик университети түзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Талас мамлекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин.
  3. Бул Жарлыктын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
  4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти           А.Акаев

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жыл 25-июлдагы №189 ПЖ

 

Прокрутить вверх