Кылым карыткан кыргыз тили

22-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу көркөм-маданий программа өткөрүлдү. Мамлекеттик тилдин коомдогу ролу, орду жана мааниси жөнүндө учкул ойлор айтылып, ыр саптарынан көркөм окулуп, кыска көркөм тасмалар көрсөтүлүп, жагымдуу ыр-бийлер менен коштолду. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында окуу жайда аткарылып жаткан иштер туурасында ректор А.Ш.Упенов өз сөзүндө баса белгилеп, бул жаатта айрыкча мамлекеттик тил боюнча проректор менен кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын кошкон салымы чоң экендигине токтолду. Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков “Мамлекеттик тил мыйзамынын” кабыл алуу учурундагы кыйынчылыктар, кабыл алуу процессинин жүрүшү тууралуу студенттерге кеңири маалымат берди.

Прокрутить вверх