«Борбор Азия элдеринин маданий диалогу»

24-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясыжана“Конрад Аденауэр” фонду мененбиргеликте «Борбор Азия элдеринин маданий диалогу (Межкультурный диалог народов центральной Азии)» аттууаталышта жогоркуокуу жайларынын студенттеринин эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын максаты — Орто Азия өлкөлөрүнүн арасындагы маданий байланышты бекемдөө, чыңдоо жана кыргыз маданиятын жайылтуу.
Аталган конференцияга Өзбекстандан, Казакстандан жана аймактардан Талас мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети болуп жалпы 10 университеттин студенттери катышып, 20 илимий доклад окулду. Алар:
1. И.Арабаеватындагы Кыргыз мамлекеттик университети
2. Ж.Баласагынатындагы Кыргыз улуттук университети
3. Ош мамлекеттик университети
4. Талас мамлекеттик университети,
5. К.Тыныстанов ат. Ысык-Көл мамлекеттик университети
6. Борбор Азия университети
7. К.Карасаеватындагы Бишкек гуманитардык университети
8. Б.Ельцинатындагы Кыргыз-Орус Славян университети
9. Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялыкакадемиясы
10. Кыргызстандын Эларалык университети
Талас мамлекетиттик университетинин атынан барып катышып келген И-1-14 группасынын студенттери Маряпов Кубанычбекжана Акжолбекова Айжамал «Эңмыкты доклад» номинациясын жеңип, Талас мамлекеттик унивверситетинин кадыр-баркын жогору көтөрүп келишти. Андыктан Маряпов Кубаныч менен Акжолбекова Айжамалды жеңиши менен ректораттын атынан ыраазычылык билдирүү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

Прокрутить вверх