Эр жигит эл четинде, жоо бетинде

ТалМУда 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан өз тармактарында жетишкен ийгиликтери үчүн К.Кыдыралиев, Т.Абдыкадыров, А.Жороев, Д.Абдыбалиев, Р.Конокбаев, И.Телегин өңдүү агайларга ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле бир катар окутуучуларга, кызматкерлерге кесиптик кошундун төрагасы Э.Абдраимов тарабынан ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кеченин кийинки бөлүгүндө айымдар тарабынан көңүл кушун термелткен концерттик номерлер тартууланды.

  

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*