Эл дөөлөтү – эне тил

21-февралда Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактар боюнча куратору Т.О.Осмоналиев, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева, Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Э.С.Чоноралиев, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов катышты. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактар боюнча куратору Т.Ө.Осмоналиев университеттин окутуучуларына сыйлыктарды салтанаттуу тапшырды. КОБББнын директору К.Т.Шамуратов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси жана профессор Ш.Ж.Курманкулов, доцент У.Ж.Мырзабекова, ага окутуучулар Т.Бейшебекова менен Б.Ниясалиева аталган комиссиянын ардак грамоталары менен сыйланышты. Иш-чара эне тил күнүнө арналган маданий программа менен коштолуп, ар улуттун ыр-бийлери аткарылды.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*