“Ыйманым – ыйык мурасым” күзгү фестивалы

31-октябрда Талас мамлекеттик университетинде “Ыйманым-ыйык мурасым” аттуу күзгү фестиваль болуп өттү. Окуу жайдын төрт структуралык бөлүмүнүн студенттик командалары аталган фестивалга активдүү катышты. Кароо-сынактын шарты боюнча саламдашуу КВН форматында болуп, ыймандык баалуулуктарды чагылдырган сценкалар көрсөтүлүп, обондуу күз кайрыктарынан ырдалып, заманбап интернет оюндары жөнүндө ой толгоолор айтылып, дүйнөлүк бийлер сериясынан классикалык бийлер бийленип, кыргыз жеринин кооздугуна арналган адабий музыкалык көркөм номерлер боюнча таймаш кызуу жүрдү. Жыйынтыгында гуманитардык факультети 1-орунга, табият таануу жана педагогика факультети 2-орунга, технология-экономикалык факультети 3-орунга орунга ээ болушту. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан фестиалдын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*