“Ыйманым – ыйык мурасым” аттуу облустук ыйман фестивалынын жеңүүчүсү – КОБББнын “Кут” командасы

26-октябрда Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык  мектебинде «Ыйманым – ыйык мурасым” аттуу облустук  ыйман  фестивалы финалга чыккан командалар арасында таймаш болуп өттү. Райондук, шаардык мектептердин  женүүчү  командалары  жана кесиптик лицейлердин, колледждердин жеңүүчү командалары ат салышты. Фестивалды КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат Молдонович ачып, аталган жылдын алкагында өткөрүлгөн иш чаралардын маанисин белгиледи. Жобонун шарты боюнча  аталган командалар саламдашып, андан соң азыркы коомдогу кыз баланын, эркек баланын ыймандуулугун жана ыймансыздыгын чагылдырган сценкалык көрүнүштөрдү аткарышып, “диний экстремизм, терроризм жана таза ислам дини, бүткүл дүйнөлүк желе-тор, интернет бизди азгырабы же канат болуп береби” деген темаларга карата ой толгоолорун түрдүү чыгармачылык фокуста көрсөтө алышты. Акырында “Кыргыз жери кызыктырып кыйланы, кыз уулунун арта берсин ыйманы” аттуу темада музыкалаштырылган номерлерди аткарышты. Финалдык беттештин жыйынтыгы менен ТалМУнун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн “Кут” командасы 1-орунду татыктуу жеңип алып, 1-даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*