Ч.Айтматов борборунун ачылышы

21-февралда Талас мамлекеттик университетинин табият таануу жана педагогика факультетинде “Ч.Айтматов борбору” ачылды. Ага Талас мамлекеттик  университетинин ректору А.Ш.Упенов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактар боюнча куратору  Т.Ө.Осмоналиев, мамлекеттик тил проректору С.С.Жумалиев жана аталган факультеттин окутуучулары, студенттери катышты. Алгач Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган ачык кураторлук саат өткөрүлүп, андан соң аталган борбордун ачылыш аземи болду. Бул борбордо Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына байланыштуу маалыматтар топтолуп, жазуучунун ар кайсы жылдарда жарык көргөн чыгармалары коюлган. Келген коноктор өз сөздөрүндө заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы менен табият таануу жана педагогика факультетинин студенттеринин жакындан таанышуусуна бул борбордун чоң жардамы тиерине токтолушту.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*